Билим берүү министрлиги: былтыр 120дай бала сексуалдык ыдык көрдү

Иллюстрация.

Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду. Парламенттин комитети үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында балдарга жасалган зомбулукка байланыштуу маселелерди талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын укту.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын белгилешинче, 2021-жылы 417 бала ырайымсыз мамилеге туш болсо, 222 физикалык зомбулукка кабылган. Мындан сырткары 117 бала сексуалдык зомбулукка кабылса, психологиялык зомбулукка кабылганы боюнча 75 факт катталган. Министрдин орун басары бул учурлар Ички иштер жана Социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте такталып, зомбулукка кабылган ар бир бала реабилитацияга алынганын белгиледи.

Жусупбекова социалдык тармактарда окуучуну сабады деген окуя боюнча да түшүндүрмө берди.

"Окуя катталган мектепте пандемияга байланыштуу мугалимдердин жетишсиздигинен бир эле окутуучу бир эле учурда эки класска сабак берүүгө мажбур болуп турган. Ошондой сабактардын биринде окуучу тарых мугалимине цензурага туура келбеген сөз айтып, ага карата мугалим тарабынан да туура эмес мамиле жасалган. Дароо ошол күнү жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде, түшүндүрүү иштери болуп, тарых мугалими өз арызы менен иштен кеткен. Андан бери ар тараптуу алдын алуу жумуштары жасалып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деди министрдин орун басары.

Комитеттин төрайымы, депутат Динара Ашимова билим берүү мекемелеринде мугалим тарабынан ур-токмокко алынган канча учур катталганына кызыкты. Ал алдын алуу иштери толук жүргүзүлсө, мындай окуялар катталбай тургандыгын жүйө келтирип, бардык социалдык багытта иштеген мекемелер биргелешип чара көрүүсү керектигин кошумчалады.

ИИМдин өкүлү жыл башынан бери мугалимдин ур-токмогуна кабылды делген эки учур катталганын кошумчалады.

Мындан сырткары Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн тургундары №83 А.Навои атындагы орто мектебинин жетекчиси жана дене тарбия сабагынын мугалими 15 жаштагы баласынын сол бутун сындыра тепкенин айтып, кайрылган. Бул окуяга байланыштуу 47 жаштагы мугалим кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымдашынча, иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарга ылайык, баланы дене тарбия мугалими сабакка катышкысы келбегени үчүн тепкилеген. Окуучу үйүнө классташынын жардамы менен жеткен. Ооруканада анын сол буту тизесинен сынганы маалым болгон.

Дагы караңыз

Милиция күйөөсү көчөдө токмоктогон келиндин окуясын териштирип жататДепутаттар өкмөттүн айыл чарба кооперативи боюнча токтомун сынга алдыЖогорку соттун төрайымы Бакирова кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыБыйыл дыйкандарга беш млрд. сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет