Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Милиция күйөөсү көчөдө токмоктогон келиндин окуясын териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, шаардагы көчөлөрдүн биринде күйөөсү токмоктоп жаткан келин тууралуу 30-январда түнкү саат 11лер чамасында кайрылуу түшкөн. Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Учурда милиция бул окуяны териштирип, иликтөө уланып жатканын билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

XS
SM
MD
LG