Быйыл дыйкандарга беш млрд. сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Садыр Жапаров жеңилдетилген насыянын дээрлик 97% дыйкан-фермерлерге жетпей каларын билдиирген.

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге быйыл беш миллиард сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров 31-январда басма сөз жыйынында билдирди.

Анын маалымдашынча, бул "Айыл чарбаны каржылоо-10" деген долбоордун алкагында ишке ашат жана ага катышкан коммерциялык банктардын чыгашасын жабууга 474 миллион сом бөлүнөт. Жеңилдетилген насыя 6% үстөгү менен менен берилет.

Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетине дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны текшерип-иликтөөнү тапшырган. Анда Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын билдирген.

"Насыянын калган 97% бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары алат экен. Ошол үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок болуп, азык-түлүк боюнча кооптуу маселе жаралып турат",-деген Жапаров.

Атайын кызмат териштирип-иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялай элек.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Былтыр бул максатта алты миллиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылып берилген.

Дагы караңыз

Казак бийлиги кандуу окуяларды өз алдынча иликтейтАкталган жана соттолгон саясатчыларКыргызстанда жеке маалыматты уурдаган сайттар"Кыргыз журналистикасы тизгинделбейт"