Саламаттыкты сактоо министрлигинин 31-январдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда вирустан бир суткада төрт киши каза болду.
Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун расмий эсеби 2880 адамга жетти. Оору жаңы аныкталгандардын саны акыркы суткада 205 кишини түздү. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында.
Учурда ооруну жуктуруп алган 5 238 адам үйүндө, миңден ашууну ооруканада дарыланып жатат.
Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Министрлик жашы алтымыштан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.
Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган.
Дагы караңыз
Столтенберг Орусия Украинага кол салса, НАТО аскерлерин жөнөтпөй турганын билдирдиЖогорку сот судьялардын айлыгы 160 миң сомго жетерин төгүндөдү Путин “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамга анализ жүргүзүүнү тапшырдыМинистрлер кабинети ири кендерди жергиликтүү ишканалар иштетерин билдирдиЧолпон-Атада саймалуу таштар жайгашкан аймакта курулуш жүрүп жатканы кабарланды