Италиянын парламенти 80 жаштагы Сержо Маттарелланы экинчи мөөнөткө президенттикке шайлады. Ал 29-январда парламентте өткөн добуш берүүнүн сегизинчи айлампасында 759 добуш алды.
Өлкө мыйзамдарына ылайык, президенттикке талапкер босого чектен өтүү үчүн кеминде 505 добуш алышы керек.
Маттарелланын кайра шайланышы саясий күчтөрдүн ортосундагы макулдашуудан улам болду. Италия саясатынын ардагери жети жылдык мөөнөткө кайра шайланууну каалаган эмес. Буга чейин Италиянын тарыхында эки ирет бийликте калгандар болбогону айтылды.
Депутаттар, сенаторлор жана аймактардын өкүлдөрү жети ирет добуш берип, жетөөндө тең президентти тандай алышкан жок.
Азыркы премьер-министр Марио Драгинин мүмкүнчүлүгү болсо да, бийликтеги партиялар саясий кризистен чочулап, анын талапкерлигин жактаган эмес. Мурдагы премьер Сильвио Берлускони татыктуу колдоо болбогондуктан, президенттикке талапкерлигин койгон эмес.
Италиянын президенти салттуу ыйгарым укуктарга, бирок саясий чоң салмакка ээ. Ал кокус өлкөдө саясий кризис болсо, парламентти тарката алат.
Дагы караңыз
Орусиялык белгилүү актер Леонид Куравлёв дүйнөдөн кайтты Орус элчиси 27 дипломат АКШдан чыгып кетерин жарыялады Министрлик айрым дарылар атайын кагаз менен сатылышы керектигин эскерттиТокаев январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө талабын четке какты