Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 227 адамдын өмүрүн алган январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө тууралуу талаптарды четке какты. Ал өлкөдөгү башаламандыктарга "бандиттер менен террорчулар" гана күнөөлүү деп, бирок буга байланыштуу кандайдыр бир далилдерди келтирген жок.
Январь окуяларынан кийин алгач ирет Токаев улуттук "Хабар" агенттигине 29-январда маек куруп, акыркы кандуу окуяларды "согушкерлердин кол салуусу" деп баалап, казак мамлекети аны өзү териштирип, иликтей алгыдай абалда экенин айтты.
"Эл аралык деңгээлде иликтөө талабына келсек, андайдын зарылчылыгы жок деп ойлойм. Өзүбүз эле изилдейбиз, бизде да чынчыл, бейтарап иликтөөчүлөр бар", - деди.
Европарламент 20-январда "Казакстан калкына карата жасалган кол салуу менен кылмышты эл аралык деңегээлде изилдөө зарылдыгына" байланыштуу резолюция кабыл алган. Европарламенттин депутаттары январь окуяларында адам укугун одоно бузганы үчүн Казакстандын аткаминерлерине каршы санкция салуу маселесин козгогон.
Токаев бул резолюцияны "бир тараптуу, шашылыш" деп атады.
Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.
Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген. Ушуга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.
Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду. (BCh)