Орусиялык белгилүү актер Леонид Куравлёв дүйнөдөн кайтты

Леонид Куравлёв.

Советтер Союзу жана Орусиянын белгилүү актеру Леонид Куравлёв 85 жашында дүйнө салды. Ал өпкөсү кагынып (пневмония), 10-январдан бери Москвадагы Коммунаровка ооруканасында жаткан.

COVID-19га карата анализдери таза чыккан. 22-январда Куравлёвду ооруканадан хосписке которушкан.

"Коммерсантъ" басылмасы кабарлагандай, маркум пневмониядан айыкканы менен абалы оорлошуп кеткен.

Куравлёв "Иван Васильевич кесибин которот" тасмасында Жорж Милославскийдин, "Афоня" тасмасында сантехник Афанасий Борщовдун ролун ойногон.

Дагы караңыз

Министрлик айрым дарылар атайын кагаз менен сатылышы керектигин эскерттиТокаев январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө талабын четке кактыАкталган жана соттолгон саясатчыларКоронавирус жугузган 676 бейтаптын абалы оор