Кара-Сууда ала качууга шек саналып төрт адам кармалды

"Ала качуу" тасмасынан.

26-январь күнү саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарындагы “Кылым-Ордо” чайканасынын алдынан жашы жете элек кызды ала качуу фактысы катталган. Райондук милициянын иликтеп-тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери 14 жаштагы Н. Н., аттуу кызды 25 жаштагы И уулу Б. аттуу жаран үч досу менен чогуу никеге туруу максатында мажбурлап машинеге салып, Талдык айылындагы үйүнө алып барышканын аныкташты.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 172-беренесинин ("Никеге туруу максатында ала качуу") негизинде кылмыш иши козголду. Мындан тышкары кыздын жабыркаганын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ала качууга шек саналган жарандар И.уулу Б., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А. кармалып, райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымат кызматы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.

Расмий маалыматтарга караганда, Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси (172) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.(ZKo)

Дагы караңыз

"Бир айдан бери ооруп жатабыз". "Омикрон" штаммынын кесепети Баткендеги эвакуацияланган жарандар үйүнө кайта баштадыБаткенде кыргыз-тажик бирдиктүү комиссиясы иштеп жататУКМК: Чек арадан аскерлерди алып кетүү аягына чыктыКызыл жарым ай коому Баткенде жардам берүүнү улантууда"Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт"Орусия Сириядагы чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүүнү талап кылдыБеларуста камалган саясий туткундардын саны миңден аштыTemirov LIVE каналынын кызматкерлери милицияга сурак берип чыкты