Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

Temirov LIVE каналынын кызматкерлери милицияга сурак берип чыкты


Temirov Live каналынына укук коргоо органдарынын кызматкерлери барган учур. 22-январь, 2022-жыл.
Temirov Live каналынына укук коргоо органдарынын кызматкерлери барган учур. 22-январь, 2022-жыл.

Temirov LIVE деп аталган YouTube каналында иштеген төрт кызматкер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына сурак берип чыкты. Жактоочу Замир Жоошев алар журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго байланыштуу иш боюнча суралышканын айтты. Ал сурак эки тараптуу сый мамиледе болгонун, тергөөчүлөр иштин алкагында гана суроолорду узатышканын кошумчалады.

“Болот Темировко козголгон кылмыш ишинде төрт журналист күбө катары сурак берип чыкты. Күбөлөр жактоочулардын катышуусунда, тергөөчүлөрдү кызыктырган суроолорго жооп берип, ал эки тараптын сый мамилеси менен өттү. Ашыкча суроолор берилген жок. Кээ бир күбө катары чакырылган журналисттер келе албай калышты. Алдын ала дүйшөмбү күнү саат ондорго келет деген сүйлөшүү болду”,-деди Жоошев

Сурак эки сааттай болгон. Бишкек милициясы Temirov LIVE деп аталган YouTube каналда иштеген 10дой адамды 28-январга, кечки саат 6га күбө катары суракка чакырганы белгилүү болгон. Шаардык милиция буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мындан бир апта мурун аталган канал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. "Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган. Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.(AbA/ErN)

XS
SM
MD
LG