Дин иштери комиссиясы көрүстөндөгү "көркоолукту" айыптады

Ысык-Көлдө 2019-жылы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы катталган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Тойгонбай Абдыкаров Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы көрүстөндөгү "көркоолукту" (вандализмди) айыптап, билдирүү таратты. Анда мүрзөлөрдү, анын тегерегиндеги темир тосмолорду бузуу "адепсиздиктин жана караңгылыктын кесепети" деп айтылат.

"Бардык диндер көрүстөндөрдү бузууга жана зыян келтирүүгө багытталган аракеттерди жектейт. Маркумдун туугандары тургузган айкел, жазуулар же тосмолор маркумдун урматына арналган буюм болуп саналат. Көрүстөндөгү мүлктөрдү уурдоо, жок кылуу бул бузукулуктун жана наадандыктын белгиси", - деди Абдыкаров.

Ал бардык конфессиялардын өкүлдөрүн калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Учурда вандализм көрүнүшүн күч органдары иликтеп-териштире баштады.

Ысык-Көлдө 2019-жылы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы катталып, жергиликтүү милицияда тергөө тобун түзүлүп, кылмыш иши козголгон, бирок кылмышка шектүүлөр аныкталбай калган.

Дагы караңыз

Кыргызстандын ИИМи Көк-Таштагы окуядан улам кылмыш ишин козгоду Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралатУлан Ниязбеков тажик кесиптеши менен биргелешкен кайгуул түзүүнү талкуулады Чек арадагы кырдаалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам убактылуу көчүрүлдү