Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам убактылуу көчүрүлдү


Баткен.
Баткен.

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу болжол менен 11 миң 52 жергиликтүү тургун эвакуацияланды.

Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды. Бул тууралуу, бүгүн 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен 6 миңдей тургуну Рават айылына эвакуацияланды.

Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргунга, Интернационал айылынын миңдей жараны Кайрагач айылындагы мечитке көчүрүлдү.

Мурза-Патча, Сада, Ак-Арык жана Раззаков айылындагы жергиликтүү жашоочулар Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды. Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын миңдей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги мечит жана үйлөргө жайгаштырылды.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.

Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG