Бишкекте кайра шайлоого катышуу үчүн 72 талапкер каттоодон өттү

2021-жылдын 28-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын саноо учуру.

Бишкектин кайра шайлоо өтө турган бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоо бүгүн, 27-январда кечки саат 18:00дө аяктады.

Документтерди кабыл алууну “Жалпы иш” коомдук фонду көзөмөлдөп турду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Эки депутаттык мандат үчүн жалпы 72 адам талапкерлигин көрсөтүп, каттоодон өттү. Талапкерлер 30-январдын кечине чейин өздүк документтерин толук БШКга өткөргөндөн кийин гана шайлоого катышуу укугун алат.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (BCh)

Дагы караңыз

Чек ара: Төрт-Көчө тосулуп, атышуу башталганы маалым болду Кыргыз-тажик чек арасы: Төрт-Көчөдө ок атышуу башталганы маалым болду Баткенде чек арадагы кыргыз-тажик жолдору кесилишкен Төрт-Көчө аймагы тосулду Журналисттерди каралоо: күч органдарына жабылган көө