Парламентте айрым депутаттар каралоого кабылган иликтөөчү журналисттердин укугун коргоо зарылдыгын айтып, бийликти иликтөөлөргө туура реакция кылууга чакырды.
Акыркы күндөрү Болот Темиров баштаган журналисттерди каралаган ар кандай видеолор социалдык тармактар аркылуу тарап, активисттерди милиция суракка алганы интернет колдонуучулардын кескин сынына кабылды. Медиа-эксперттер Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эле ар кайсы бийликтин тушунда куугунтукка кабылган журналисттерди эстеп, өткөндөн сабак алууга чакырып жатат.
"Ушундай деңгээлге түшпөсөк..."
Парламенттин 26-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкөнүн күч органдарын журналисттик иликтөөлөргө маданияттуу жооп берүүгө чакырды. Эл өкүлү журналисттин жеке жашоосуна кийлигишүүнү “уят иш” деп мүнөздөдү.
“Журналисттер иликтөө жасаганда ал туура эмеспи, жалган болобу ага маданияттуу жооп бериш керек. Басма сөз жыйынын уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу, анын ар кандай жолу бар. Бирок, журналисттерге басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып жарыялап, ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү ыкма менен жооп берсеңер", - деди Бекешев.
Бекешевди улай “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров маалыматтык коопсуздук, адам укугун камсыздоо орчундуу маселеге айланганын белгилеп, кийинки айда парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
“Өлкөдөгү эң орчундуу болуп жаткан адам укуктары жөнүндө жагдайды күн тартибине киргизүү керек. Журналист, коомдук ишмер, жарандык активисттердин маселесинин ичине маалыматтык коопсуздукту дагы киргизели. Маалыматтык коопсуздук деп жатканымдын себеби, социалдык тармактарда чектен чыккандар жөнүндө айтып жатам”, - деди Мадумаров.
Баш мыйзамда корголгон жеке жашоо
Кыргызстандын Конституциясынын 29-беренесиндеги беш бөлүмдө адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги, телефон жана башка сүйлөшүүсүнүн, кат алышуусунун купуялуугу корголору жазылган. Адамдын жеке маалыматтарын мыйзамсыз таратуу сот тарабынан корголору белгиленген.
Юрист, конституциялык укук боюнча серепчи Сания Токтогазиева акыркы окуяларды өлкөдө фундаменталдык укуктардын сакталбай жатканына далил дейт. Юрист мындай пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Окуяга мамлекеттик органдардын анын ичинде президент жана прокуратуранын аракетсиздиги ушундай ыкмаларга унчукпай макул болгондугунун белгиси. Кыргызстанда жарандардын жеке жашоосу канчалык корголбой калганынын дагы бир белгиси болду”, - деп жазды Токтагазиева.
Чуулгандуу видеолорду чыгарууга ким кызыкдар?
Акыркы күндөрү атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын аты аталган иликтөөнү жарыялаган Болот Темиров жөнүндө жана анын командасындагы журналисттерди каралаган ар кандай видеолор чыгып, анда жеке турмушу, кеңсе документтери бурмаланып баяндалат.
Мындай видеолордун жарыяланышы социалдык тармактарда күч кызматтарына сынды күчөттү. Интернет колдонуучулар кыжырдануу менен сындап, көпчүлүгү атайын кызматты айыптоодо.
Арасында белгилүү укук коргоочу, юрист жана саясатчылар кошулган отуздай адам кайрылуу таратып, иликтөөчү журналисттердин кармалышына, ар кандай каралоонун күчөшүнө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевди, ички иштер министри Улан Ниязбековду айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев адамдын жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды каралоого пайдалануу эң ыплас ыкма экенин коомчулук жакшы түшүнүп калды дейт.
“Ушунчалык наадан, караңгы кишинин гана колунан келет. Бирөөнүн жатаканасын тартып алып, кандайдыр бир маселени чечебиз дешет. Албетте, тиешелүү органдар бизге тиешеси жок деп танып чыгышат. Эгерде чындап өздөрүн таза ойлосо, Камчыбек Ташиев мырзага ошол кишилерди таап, жазасын бере аласыңарбы деген чакырык таштайм”, - деди саяат талдоочу.
УКМКнын жообу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке жашоосуна байланыштуу видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроо жаралса, мекемеге кайрылууга чакырды.
“Кээ бир кызыкдар тараптар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен күнөөлөп, "катуу сөздөрдү, эпитеттерди" айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин орун басары Эркебек Аширходжаев ал тасмаларга милициянын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, журналисттердин кеңсесинен алынган компьютердеги маалыматтар эч жакка чыкпай турганын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев журналисттерди каралоого багытталган ар кандай материалдардын жарыяланышына бийликти же атайын кызматтын жетекчисин далилсиз айыптоону туура эмес деп эсептейт. Ал атайын кызматтын башчысынын кызматтан кетүүсүнө эч кандай себеп жок деди.
“Ар дайым бийликке адилеттүү сын айтылыш керек. Ар бир жөнү жок, адилетсиз сын үчүн бийлик укпай жатат деген туура эмес. Бийликтин ушундай кыймыл-аракети шек туудуруп жатат. Балким, такыр андай эмес”, - деди депутат.
Буге чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышына каршы тынч митингге чыккан Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов милицияда кармалып чыккан.
Кармалгандардын бири Нургазы Шайлообеков акциядан кийин үйүнө бараткан учурда жөн жерден милиция кармап кеткенин билдирген. Бирок милиция активисттер Бишкектин Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган мушташка байланыштуу кармалышканын, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги
Ушул сыяктуу акыркы окуялардын кийин медиа коомчулук ар кайсыл бийликтин тушунда куугунтукталган журналист, активисттерди эске салып, алардын кесепеттерин айтып жатышат. Айрым, чуулгандуу окуяларга токтолсок.
Аскар Акаевдин тушунда ResPublica гезитинин редактору Замира Сыдыковага шарттуу жаза берилсе, Курманбек Бакиевдин учурунда журналист Геннадий Павлюк, Алишер Саипов өлтүрүлүп, бир нече оппозициялык гезиттер миллиондогон айыпка жыгылган.
Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда оппозициялык “Сентябрь” каналы жабылып, бир нече эркин басылмага миллиондук доо коюлган. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде бийликке сын айткан блогер Афтандил Жоробеков баштаган жарандык активисттер кармалып, атайын кызмат кечирим сураткан учурлар болгон. “Апрель ТВ” телеканалы эфирге чыкпай калган.
Медиа коомчулукта ар кандай ыплас жолдор менен каралоо журналисттердин чочулоосун пайда кылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өзүн-өзүн чектөөгө алып келүү сыяктуу кесепеттерин айтып жатышат.
"Де-Факто" гезитинин мурдагы редактору, "Булан" институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова ачык коом түзүүнү каалаган мамлекет башчылар мурунку бийликтин тушундагы окуялардын сабак алышы керек дейт.
"Өткөндөн сабак албай, журналисттерге андан катуураак басым башталды. Мынчалык абийирсиздик боло элек болчу. Бакиевдин учуруна окшоп кетип жатат. Бакиевдин учурунда көз карандысыз гезит ачып, куугунтукка кабылганбыз. Далайларга кылмыш иши козголгон. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Негизи бийлик коррупциянын бетин ачкан журналисттер менен эмес, укук коргоо органдарына тапшырма берип, алар тапкан фактыларды текшерет", - деди Орозобекова.
Курманбек Бакиевдин тушунда "Де-Факто" гезити жабылып, журналисттери куугунтукка кабылган.
Болот Темиров өзү жөнүндө тараган тасмаларды каралоо деп атаган, ал эми төкмө акын Болот Назаров ыр менен жооп берип, анда акыйкаттык жолунан кайтпай турганын белгиледи.
Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлиги аларды баңгизат саткан жана аны мыйзамсыз даярдаган деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты.