Кытайда Жаз, Жаңы жыл майрамдарын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
31-январь, 4-февраль, 7-февралда эки бекет тең иштейт. 29-30-январь, 1-3-февраль жана 5-6-февралда жабык болот.
7-февралдан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды өткөрө баштайт.
Кытайда февраль айынын башында Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жыл жана Жаз майрамы белгиленет. (BCh)
Дагы караңыз
Журналисттерди каралоо: күч органдарына жабылган көөКыргыз-тажик чек арасы: Төрт-Көчөдө ок атышуу башталганы маалым болду Баткенде чек арадагы кыргыз-тажик жолдору кесилишкен Төрт-Көчө аймагы тосулду Казакстан кандуу окуялардан “Йакын Инкардын” изин тапты