Иорданиянын армиясы коңшу Сириядан баңгизат ташып келаткан 27 адамды жок кылганын кабарлады.
Расмий маалыматта, аткезчилер "каптагон" деген ат менен таанымал амфетамин затын алып кирүүгө аракет кылышкан. Баңгизаттар Перс булуңу аркылуу Иорданияга кирип жаткан сириялык жүк ташуучу автоунааларга жашырылганы аныкталган.
Ушул айдын башында Сирия менен чек арадагы атышууда бир иордан офицери каза болгон эле. Анда да баңгизат ташыгандар чек арадан өтүү үчүн ок чыгарганы маалым болгон.
Иорданиянын бийлиги баңгизат аткезчилигинин кескин күчөшүнүн артында Иран колдогон "Хезболла" тобу жана Сириянын түштүк жагынын көп бөлүгүн ээлеген жикчилдер турарын билдирип келет. "Хезболла" айыптоолорду төгүндөп жүрөт.
БУУнун баңгизат боюнча эксперттери Сирия чөлкөмдөгү каптагон өндүргөн негизги жай болуп калганын, бул зат Перс булуңу аркылуу Иорданияга, Иракка жана Европага чыгып кетип жатканын эскертишкен. (ErN)
Дагы караңыз
АКШ Орусияга украин кризисинен чыгуу жолун сунуштадыCOVID-19: Бишкекте 24 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылдыБишкектеги кайра шайлоо: БШКга арыз бергендердин саны 60ка жеттиНоокенде милиция кызматкери атынып өлгөнү кабарланды