Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

COVID-19: Бишкекте 24 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын 27-январдагы маалыматына караганда, шаарда 24 мектеп жана үч бала бакча карантинге жабылды. Буга чейин онлайн окууга өткөн менчик мектептер дагы бар экени айтылган.

27-январга карата Кыргызстанда коронавирус 479 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (289). Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген.

Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG