COVID-19: Бишкекте 24 мектеп, үч бала бакча карантинге жабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясынын 27-январдагы маалыматына караганда, шаарда 24 мектеп жана үч бала бакча карантинге жабылды. Буга чейин онлайн окууга өткөн менчик мектептер дагы бар экени айтылган.

27-январга карата Кыргызстанда коронавирус 479 адамдан жаңы аныкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (289). Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун "омикрон" штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген.

Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ат-Башыда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулуш компаниянын башчысы кармалдыБайден Орусия Украинага басып кирсе, Путинге санкция салынышы мүмкүн экенин эскерттиАба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт"Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алдыЖаңы конуштарда миңден ашык мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилди