Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

"Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алды


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатына байланыштуу чечим кабыл алды.

Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, фракция эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды иликтөөнү өтүнүп, төрага Талант Мамытовго кайрылуу жолдогон.

“Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз”, - деп жазылган кайрылууда.

Фракциянын айрым мүчөлөрү мандат маселеси боюнча жыйын болгону тууралуу кабары жок экенин "Азаттыкка" билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиевден арыз түшпөгөнүн кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу үчүн “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидерине 26-январда кайрылуу жөнөткөн. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев депутаттын мандатына байланыштуу шайлоочулардан да арыз түшкөнүн билдирген. Мунун алдында Бишкекте он чакты адам Ташиевдин мандатын тапшырышына каршы акцияга чыгышкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат иниси (Шайырбек Ташиев) мандатын тапшыра турганын 23-январдагы маалымат жыйында жарыялаган.

Шайырбек Ташиев былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Агасы УКМК башчылыгына келген соң депутаттын Жалал-Абаддагы таасири күчөгөнү айтылып, аны Ташиевдердин үй-бүлөсү четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG