УКМК "Кыргыз жылуулук энерго" ишканасында коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Чүй облустук филиалында коррупциялык көрүнүштөр аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, ишканадагы от казандардын бирин реконструкциялоо иштери ашыкча бааланып, мазутту керектөө нормасы жогорулатылганы жана мыйзам бузууларга жол берилгени ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 32,9 млн. сом зыян келген.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө иштери уланып жатканы маалыматта айтылат.

Эл аралык Transparency International уюму 25-январда 2021-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээли боюнча изилдөөсүн жарыялады. Анда мурдагы жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшкөн.

Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай калышы жана башка нерселер себеп болгону баяндамада көрсөтүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Ат-Башыда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана курулуш компаниянын башчысы кармалдыБайден Орусия Украинага басып кирсе, Путинге санкция салынышы мүмкүн экенин эскерттиАба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт"Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алды