“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 28-январда түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -1…-6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -8…-13 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 8…10 градуска чейин жылуу болот. (JsA)
Дагы караңыз
Ак-Талаада чоң күрөшкө даярданган КалмираАлия Назарбаеванын "өнөктөштөрү" кармалды"Ата-Журт Кыргызстан" Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алды