Президент Жапаров “Индия - Борбор Азия” саммитине катышат

Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-январда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия - Борбор Азия” диалогунун алкагында видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, саммиттин жүрүшүндө аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, Борбор Азия менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.

Саммитке Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев катышат.

2022-жылы Индия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 30 жыл болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште Айгүл Айдарова ант бердиСтамбул - Бишкек авиакаттамы дагы жылдырылды"Омикрондун" жаңы мутациясы 40 чакты өлкөдө табылдыБатыш дипломаттары талибдерге олуттуу талап койгону айтылдыТүмөнбаев президентти кадр тандоого туура мамиле жасоого чакырды