Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Жогорку Кеңеште Айгүл Айдарова ант берди


Айгүл Айдарова.
Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Айгүл Айдарова 26-январда ант берди. Ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-январда депутаттык мандат тапшырган. Айдарова БШК диплом маселесине байланыштуу мандаттын жокко чыгарган Ороазайым Нарматованын ордуна депутат болуп келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Мындай чечимге анын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Нарматова диплом чырын саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Ал бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG