26-январда түш ченде Бишкек шаарындагы Элебесов-Арал көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган эки кичи автобустун кагылышуусунан 18 киши жабыркады. Эки кишинин абалы оор.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, беш адам ооруканага жаткырылды. Калган он бири биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Жабыркагандар арасында балдар жок. Кырсык тууралуу видеолор интернетте тарап жатат.
Окуя болгон жерге алты "Тез жардам" кызматы барган.
Кыргызстанда 2021-жылы жети миңдей жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган. (JsA)
Дагы караңыз
Кыргызстандын жарандарына Түркияга ID-карта менен кирүүгө уруксат берүү сунушталдыЖогорку Кеңеште Айгүл Айдарова ант бердиTI: Кыргызстан Камерун менен Уганданын катарынан орун алдыСтамбул - Бишкек авиакаттамы дагы жылдырылдыБээжин-2022: Цзинпиндин Путинге сунушу