Орусияда февралдан тарта нан кымбатташы мүмкүн

Нандын баасы 16,5-30%ке чейин кымбатташы мүмкүн.

Орусиянын нан өндүрүүчүлөрү февраль айынан тарта нан азыктарынын баасы кескин кымбаттайт деген эскертүү берди.

Орусияда чыккан РБК басылмасы өлкөдөгү эң ири нан өндүрүүчү "Фацер" ишканасынын директорунун айткандарына таянып, нандын баасы 16,5-30% чейин кымбаттарын жарыялады.

Аталган компания бул маалымат тууралуу кеңири түшүндүрмө бербей, ун, транспорт, нанды орогонго кеткен каражаттар кымбат болгондуктан, баа өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Нанга карата баанын өсүшүн Иркутск облусунун "Коломенский" холдингинин жетекчиси Дмитрий Козлов да тастыктады.

Орусиянын Айыл чарба министрлиги бул маалыматтарды жокко чыгарып, былтыр инфляция айыл чарба тармагында 10% көтөрүлгөнүн билдирди.

Жалпы Орусияда инфляциянын деңгээли 8,39% болуп, акыркы алты жылдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. 2020-жылы инфляция 4,9% болгон. (BCh)

Дагы караңыз

"Болотгейт": айыптоо жана каралоо, бийликке айтылган сынМамдепартамент Темиров менен Назаров боюнча билдирүү тараттыРузахунов Алматыдан келгенден кийин ооруканада операция болгонун айттыСи Цзинпин Борбор Азияга 500 миллион доллар бөлүүнү убада кылды