Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Мамдепартамент Темиров менен Назаров боюнча билдирүү таратты


Нед Прайс.
Нед Прайс.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу “Твиттердеги” баракчасына “Коррупцияга каршы күрөштө эркин маалымат каражаттары өтө маанилүү ролду ойнойт” деп жазды.

Прайс Кыргызстандын жемкорлукту жоюу боюнча ишенимдүү өнөктөшү катары АКШ сөз эркиндигин, мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшкөн журналисттерди коргоодогу жалпы милдеттенмелерин эске салды.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги аларды баңгизат саткан жана маңзатты мыйзамсыз даярдаган деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты. Темиров Live Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу атайын иликтөө жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG