Иранда франциялык турист сегиз жылга кесилди

Иранда кармалган француз туристи Бенжамин Бриер.

Иранда кармалган француз туристи Бенжамин Бриер.

Иранда француз туристи Бенжамин Бриер сегиз жылга эркинен ажыратылганын француз маалымат каражаттары анын адвокатына таянып 25-январда жазышты. Ал былтыр жазында түркмөн-иран чек арасына жакын чөлдө чакан тик учакты аралыктан башкарып жүргөн маалда тыңчылыкка жана Тегеранга каршы пропагандага айыпталып кармалган.

Иранда тыңчылкка айыпталгандарга өлүм жазасы каралган. Бриердин үй-бүлөсүнүн айтымында, ал 2018-жылы өз автоунаасы менен Скандинавиядан саякатка чыккан бейкүнөө турист.

Былтыр декабрь айынын соңунда 36 жаштагы француз камалганына каршылык билдирип ачкачылык жарыялаган. Ал учурда Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарындагы Валикабад түрмөсүндө жатат.

Дагы караңыз

Депутат Сулайманов УКМКны журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырдыЛондон полициясы өкмөт башчынын кеңсесиндеги отурушту иликтейтМайрам Акаева Кыргызстанга келгени айтылдыКыргызстандын бардык аймактарына электр жарыгы берилди