Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:55

Лондон полициясы өкмөт башчынын кеңсесиндеги отурушту иликтейт


Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон.
Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон.

Лондон полициясы премьер-министр Борис Жонсондун резиденциясында жана өкмөттүк мекемелерде карантин маалында өткөрүлгөн отуруштарды иликтейт.

Бул тууралуу калаанын комиссары Крессида Дик 25-январда билдирди. Бир нече журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, карантин маалында Даунинг-стритте (өкмөт башчынын кеңсеси жайгашкан көчө) ар кандай иш-чараларга тыюу салынганына карабастан, ондогон адамдардын катышуусунда отуруш өткөн.

Жонсон 2020-жылдын жазында кечеге катышканын моюнуна алып кечирим сураган. Бирок ал мыйзам бузганын четке кагууда. Буга чейин отуруштун өткөрүлүшүн иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия да түзүлгөн. Анын жыйынтыгы полициянын иликтөөсү аяктамайынча жарыяланбайт.

Жонсондун кеңсесиндеги отуруш тууралуу маалымат британиялыктардын кыжырын келтирди. Алар карантин маалында жакындары менен көрүшө албай отурганда, өкмөт башчысынын карантин эрежелерди бузушу кабыл алынгыс экенин жүйө кылып жатышат.

Британия коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин катарына кирет. Пандемия башталгандан бери оорудан 154 миңден көп адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG