Протасевич үй камагынан бошотулганын билдирди

Журналист Роман Протасевич. 14-июнь, 2021-жыл. Минск.

Өткөн жылы Беларуста кармалган журналист Роман Протасевич үй камагынан бошотулганын билдирди. Бул тууралуу ал Беларустагы бийликчил Адам укуктарын коргоо борборунун директору Дмитрий Беляковго маек куруп жатып айтты.

«Мен үй камагында жаткан жеримен жаңы эле чыктым», - деди Протасевич. Ал жети ай камакта жаткандан кийин кадимки турмушка аралашуу оор болуп жатканын да кошумчалады.

Журналист азырынча так пландары жок экенин, ошол эле маалда «Справа» Telegram-каналын кайра жандандырууну көздөп жатканын билдирди.

Протасевич сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп келе жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулгандан кийин кармалган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

26 жаштагы блогерге "жапырт башаламандык уюштурууга" байланыштуу айыптар коюлганы кабарланган. Июндун соңунда Протасевич менен Сапега үй камагына которулганы белгилүү болгон.

Буга чейин беларус бийлиги бир нече жолу Протасевичтин "күнөөсүн моюнуна алганын" айткан видеолорун жарыялаган. Бирок байкоочулар жана беларус оппозициясы бул видео тасмаларды бир ооздон "пропагандалык материал" деп мүнөздөшкөн.

Дагы караңыз

Бишкекте лифтте калган 40тан ашык адам куткарылдыКыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарык бере баштадыЖол чырактар иштебей жаткандыктан, ЖККК күчөтүлгөн тартипке өттү