Пакистанда 55 жаштагы судья Айеша Малик 24-январда ант берип, Жогорку Соттун судьясы кызматына киришти. Анын антын башкы судья Гулзар Ахмад кабыл алды.
"Мен судья Айеша Маликти Жогорку Соттун алгачкы аял судьясы болушу менен куттуктайм", - деп жазды "Твиттерге" Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
АКШда билим алып келген Малик Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында 20 жылдан бери судья болуп иштеп келген.
Маликти жаңы кызматка дайындаган тогуз мүчөдөн турган кеңеш былтыр анын талапкерлигин четке кагып койгон. Бул ирет ал кеңештин беш мүчөсү Маликти Жогорку Соттун судьялыгына дайындоого макул болду.
Бул айдын башында Пакистандагы адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү Айеша Маликти судьялык кызматка дайындоого каршы акцияга чыгышкан.
Дагы караңыз
Чет элдик мигранттарга 16 миңден ашуун квота бөлүндү НАТО Чыгыш Европага кошумча аскердик кемелерин жөнөтүүдөТокойлорду калыбына келтирүү үчүн грант берилетИИМ: Акынды колдоп чыккан активисттер шаардагы мушташка байланыштуу кармалган