Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси кызматына мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлигин бир добуштан колдоду. Депутаттар экономикалык байланыштарды арттыруу, туристтердин агымын көбөйтүү сыяктуу сунуштарды айтышты.
43 жаштагы Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.
Сауд Арабиядагы азыркы элчи Абдилатиф Жумабаев 2019-жылдан бери иштейт.
Кыргызстан менен Сауд Арабиянын мамилеси 2015-жылдан бери жандана баштаган.
Буга чейин араб өлкөлөрүнөн каржыланган “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” уюму Кыргызстанда 200дөн ашык мечит курууга демөөрчүлүк кылып, бирок сын-пикирлерден кийин 30 мектеп жана 10 чакты фельдшердик-акушердик пункттарды куруп берген. (КЕ)
Дагы караңыз
Казакстанда тополоң маалындагы кыйноого байланыштуу жети иш катталдыЖК комитети элчи кызматына Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жокКерим Турапов кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыАКШ Кыргызстанга дагы 149 миң доза Pfizer вакцинасын берди Рузахунов Алматыдан келгенден кийин ооруканада операция болгонун айтты