Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:30

ЖК комитети элчи кызматына Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик (УКМК) комитетинин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдогон жок. Депутаттар Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери, Украинадагы кыргызстандыктар, ал жакта билим алган студенттер тууралуу суроо беришти.

Эл өкүлү Айбек Осмонов элчилик кызматка артынан жаман сөз ээрчибеген, таза, жаш кадрларды алып келүү керектигин айтты.

"Эмненин негизинде сунуштап жатасыздар? Сиздер тандаган элчилерди көрүп жатабыз. Түркияныкын көрүп келдик, жакында Катарга барып келдик. Силер тандагандар же тил билбейт, же ошол жердеги биздин эл менен жолукпайт, же депутаттар барса жакшы мамиле кылбайт. Мен билгенден сиздер мурда иштеп кеткен министрлерди, адамдардын баарын эле сунуштай бересиңер. Талапкерлерди сыйлайм, бирок тазасы дагы бар да. Алты миллион калктын ичинен тазасы жокпу?".

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев талапкер кызматка сунушталар алдында дыкат каралып, текшерүүдөн өтөрүн белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттардын үчөө колдоп, төртөө "каршы" добуш беришти. Натыйжада Кадыркуловдун талапкерлиги өтпөй калды.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын Жусупбек Шарипов аркалап жатат. Ал кызматка 2017-жылы дайындалган.

XS
SM
MD
LG