Акын Болот Назаровду колдоп чыккан активисттерди милиция кармап, таңга маал коё берди

Болот Темиров жана Болот Назаровду бошотууну талап кылган акциянын катышуучулары. 23-январь, 2022-жыл

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду колдоп тынч митингге чыккан эки активистти милиция кармап кетип, 24-январда таңга маал коё берди. Бул маалыматты кармалгандардын бири Нургазы Шайлообеков "Азаттыкка" ырастады. Аларды сот иши каралып бүтүп, үйгө бараткан учурда митингге катышкандардын бирин "урду" деген негизде милиция кармап кеткен.

"Болот Назаровдун сотуна барганбыз. Назаров чыккандан кийин көпкө чейин турган жок, кичине сүйлөп эле кетти. Айбек Назаркулов экөөбүз Ош базарга кетчү машинеге түштүк. Чүй-Бейшеналиев көчөсүнөн бизди кармап, Фучиктеги милиция бөлүмүнө алып барышты. Митингде дагы бир бала жүргөн, аны тааныбайм. Ал "ушулар болчу, урду-сокту" деп айтты. Бирок далил таппады. Анан чыктык. Ал бала митингде менин жанымдан кайпактап кетпей жүргөн. Биз митингден жакшы эле тарап кеткенбиз", - деди Шайлообеков.

Мунун алдында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова митинг бүткөндөн кийин Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов Ленин районунун аймагынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин "Фейсбук" баракчасына жазган. Ал активисттерди тез арада бошотуу зарылдыгын белгилеп, ички иштер министри Улан Ниязбекого кайрылган.

ИИМ активисттердин кармалып, бошотулганы боюнча маалымат бере элек.

22-январда кармалган Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров жекшемби күнү түштөн кийин бири тил каттын негизинде, экинчиси үй камагына чыгарылган.

Журналист менен төкмө акын бир күн мурун маңзатка байланыштуу шек саналып кармалган. Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын "сөз эркиндигине басым жана куугунтук" деп баалап митингге чыгышкан. (КЕ)

Дагы караңыз

COVID-19: бир күндө дагы эки бейтап каза болду"Талибандын" делегациясы менен ооган жарандык коомунун өкүлдөрү Ослодо сүйлөшүү баштадыАКШ Украинадагы жарандарын өлкөдөн тез арада чыгууга чакырдыБлинкен Орусияга эскертүү иретинде санкция салууга каршы