Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

АКШ Украинадагы жарандарын өлкөдөн тез арада чыгууга чакырды


Украин аба күчтөрү.
Украин аба күчтөрү.

Орусиянын аскерий аракеттери жана ыктымал кол салуусунан улам АКШ Украинадагы жарандарын бул өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө чакырды.

Мамлекеттик департамент Киевдеги Кошмо штаттарынын элчилигинде иштеген кызматкерлердин жакындары Украинадан чукул кетиши керек экенин жарыялады. Ошондой эле элчиликте өтө зарыл иши болбогон кызматкерлерди да Украинадан чыгаруу каралууда.

"АКШ бийлиги Украинадагы жарандарын эвакуациялабайт, ушундан улам бул жактагы америкалыктар өлкөдөн кетүү үчүн өз алдынча коммерциялык жолдорду табышы керек. Бул тек гана алдын ала эскертүү, муну менен биз Украинага каршы экенибизди, же колдоорубузду билдирбейбиз", - деп жазылган атайын билдирүүдө.

АКШ мамлекеттик департаменти Орусия аннекциялаган Крым менен орус көзөмөлүндөгү Украинанын чыгышында абал кооптуу, Киевдеги улам-улам кайталанган демонстрациялар зомбулукка айланып кетиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG