Бишкектеги акцияда сөз эркиндигин коргоо талабы жаңырды

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акциянын катышуучулары.

Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өткөн нааразылык акциясына маданият тармагынын өкүлдөрү, төкмө акындар да келишти. 

Төкмө акын Болот Назаров баңгизатына байланыштуу камакка алынганын бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министрлиги ырастаган. Ташиев Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган. Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Болот Темировдун камактан чыккан учуру. Аны Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты. Андан мурдараак ИИМ өкүлү ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулуп жатканын айткан.

Болот Темиров журналисттерге маек берип жатат.

Митинг Бишкек шаардык милициясынын алдында уланды.

Болот Темиров жана аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.

Төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акцияда белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп ырдашты.

Кечке жуук төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, "Ак ийилет, сынбайт" деп айтты.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.