Айрым аймактарда кар жаайт

“Кыргызгидромет” борбору 23-январда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаай турганын билдирди. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…+1 күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…+1 градус жылуу болот. (JsA)

Дагы караңыз

Сокулукта 50 миңден ашуун бөтөлкөгө куюлган жасалма ичимдик табылдыАкылбек Жапаров Жерүй кенине бардыИталиядагы кыргызстандык мигранттардын жашоосу тууралуу тасма тартылдыCDC: Вакцинанын 3-дозасын алгандар COVID-19ду жеңил көтөрөт