Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Сокулукта 50 миңден ашуун бөтөлкөгө куюлган жасалма ичимдик табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районунда күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар сакталган кампа аныкталды.

Кампа Мамлекеттик салык кызматы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин(УКМК) биргелешкен иш-чарасында табылган. Салык кызматынын маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 50 миң 744 бөтөлкө ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук ичимдик алынган, анын ичинен 30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миңден ашууну жүк ташуучу автоунаадан табылган.

Тартып алынган продукция өлкө мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы бир катар рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Натыйжада алкоголдук продукцияларды уруксаты жок саткандар, контрафакттык учурлар жана жасалма акциздик маркалар чапталган фактыларды аныктаган.

2020-жылы мыйзамсыз сатылып жаткан 61,5 млн. сомдук 1 млн. 90 миң 423 бөтөлкө алкоголдук продукция жана 74 665 литр сыра табылган. Бул товарлар ээсинен тартып алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG