Дүйнөлүк маалымат каражаттары Казакстандагы кырдаалды, кан төгүүдөн кийинки саясий окуяларды чагылдырып, талдоонун үстүндө.
Шамалгандагы музей жана Назарбаевдин керт башына сыйынуу
The Guardian гезити 20-январдагы санында Нурсултан Назарбаевдин керт башына сыйынуу көрүнүшү четинен жок болуп баратканын жазды. Басылманын кабарчысы Петр Сауэр макаласын Элбашынын кичи мекени - Шамалган айылынан дарядаган репортаждан баштаган. Журналист айтып бергендей, туңгуч президентке арналган музейде Назарбаев туулуп өскөн үйдүн макетин, инисинин костюм-шымы өңдүү үй-бүлөлүк артефакттарды, имараттын сыртында бир кездери мамлекет башчынын кортежинде жүргөн “Мерседести” көрүүгө болот.
Шамалган Алматыдан бир сааттык жерде орун алган. “Бир караганда айланадагы жакыр айыл-кыштактардан анча айырмаланбайт. Жаштардын көбү жумуш издеп ири шаарларга кеткен. Бирок көчөдөн бурулганда эле бийик дарбазанын артында жашырынган хан сарайлар каз катар тизилип турат. Заманбап, жогорку технологиялык камералар жана коопсуздук кызматкерлери мансаптуулар байырлаган жабык шаарчаны эске салат”, - деп сүрөттөгөн кабарчы ал турак жайлар Назарбаевдин бир туугандарына таандык экенин жазат.
Сауэр сөзгө тарткан жергиликтүү тургундардын бири Эрбол Мурзалиев Назарбаев “жадакалса туулган айылын, ал жактагы тургундарды унутта калтырып койгон кишиге бүтүндөй өлкөгө кам көрөт деп кантип ишеним артабыз?” деп собол салып, Шамалган экс-президенттин “үй-бүлөсү өлкөнү кантип карактаганынын көрүнүктүү мисалы” деген ою менен бөлүшөт. Англис тилинен сабак берген Амина: “Бул жерде келечегибиз жок, өлкөбүз алга жылбай калды” деп кошумчалады. Ал Алматыдагы нааразылык акцияларына катышпаганын, бирок тынч митингдерге чыккандар менен тилектеш экенин айтат.
Айылдагы музей 2017-жылы, Назарбаев президенттиктен кетерине 2 жыл калганда ачылган.
Дагы караңыз Назарбаевдер Бишкек аркылуу чыгып кеткенби?Журналист андан ары январдын башындагы нааразылык толкуну, кандуу окуяларга, Элбашынын эки жумадай үн катпай, 18-январда гана элге кайрылуу жасаганын баяндайт.
Макаланын автору эксперттердин пикирлерине да кызыккан. Алсак, Борбор Азия боюнча адис Александр Кули Назарбаев 30 жылдан бери коомдун маанайын билбей, сезбей, элден алыстаганын, алар ага чындап сыйынганына өзү катуу ишенип калганын айтат. Ал эми алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев Сталиндин таржымалын эске салып, Казакстанда СССРде 1957-жылы болгон окуянын версиясы кайталанышы мүмкүн деген оюн ортого салат. Ал жылы Коммунисттик партиянын жыйынында Никита Хрущев Сталиндин керт башына сыйынууну ашкерелеген.
Дагы караңыз Назарбаевдин "бизнес-империясы"БУУнун "көк каскасына" жашынгандар
The Diplomat басылмасы 19-январда чыгарган макалада Казакстандагы соңку окуяларда аскерлер Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бейпилдик күчтөрүнүн көк каскаларын кийип жүргөнүнө көңүл буруп, эл аралык коомчулук корголгон символиканы мыйзамсыз пайдаланууга жооп кайтарышы керек деген маселени козгоду. Авторлор Мэтт Кавано жана Жахара Матисек ушунча киши каза таап, жарадар болуп, камалганына карабай БУУ казак лидерлерин “сабырдуулукка” чакыруу менен чектелгинин, уюмдун адам укуктары боюнча эксперттери бийликтин митингчилерди “террористтер” деп атаганын айыпташканын эске салышат.
Макалада айтылгандай, “көк каскаларды” беларус аскерлери да мыйзамсыз кийип жүргөнү сүрөттөргө түшүп калган. Авторлор БУУнун символдорун кыянат пайдалануу эл аралык нормаларды жана мыйзамдарды одоно бузарын белгилешет. Журналисттер аскерлердин униформасы чоң геосаясий мааниге ээ экенин, Орусия Крымды басып алууда эч кандай символикасы жок “кичинекей жашыл кишилерди” колдонгонун мисал келтиришет. Алардын көз карашында, мындай мыйзам бузууну, БУУнун символикасын уруксатсыз колдонууну көз жаздымда калтыруу олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Дүйнөлүк уюмдун басма сөз катчысы Стефан Дужарич ооз эки билдирүү менен гана чектелген.
Мэтт Кавано жана Жахара Матисек жазгандай, БУУнун символдору казак режими үчүн пропагандалык мааниге ээ. Алардын айтымында, көк каскалар Казакстандагы бийликтин жана репрессиялардын легитимдүүлүк иллюзиясын жаратат. Бирок муну менен бирге эл аралык институттун аброюна көлөкө түшүүүдө. Журналисттер башка режимдер да шыктанып, ушундай мыйзамсыз аракеттерге барышы, кеңири таанылган эл аралык символдорду колдонушу мүмкүн деген ойду жазышат.
Дагы караңыз "Октон жөрмөлөп качтым". Казакстанда жакынын жоготкондор жооп издейтДарыны тоготпогон бактериялар
The Financial Times дүйнө жүзүндө бир жылда антибиотиктерге туруштук берген микробдор козгогон инфекциялардан бир миллиондон ашуун киши көз жумары белгилүү болгонун “Лансет” журналында жарык көргөн жаңы иликтөөгө таянып жазды. Адистер “жылма пандемиянын” масштабы ВИЧ жана безгекке (малярия) караганда кеңири деген бүтүмгө келген.
2019-жылы 1 миллион 270 миң киши түздөн-түз дары-дармекти тоготпогон бактериялык инфекциялардын айынан жарыкчылык менен кош айтышса, 4 миллион 950 миң өлүм андай микробдорго байланышкан оорулардан катталган. Буга чейин окумуштуулар көз жумгандар 700 миң кишинин айланасында деп болжолдоп келишкен.
Адистер антибиотиктерге туруштук берген бактериялар 21-кылымда коомдук саламаттыкка эң чоң коркунуч туудурган көрүнүшкө айланарын эскертип келишет. Буга башка себептер менен катар антибиотиктерди ашыкча пайдалануу тенденциясы алып келери белгиленет. Иликтөөнүн жүрүшүндө өлүмдөрдүн көбү Африка өлкөлөрүнө, түштүк Азияга туура келери аныкталган.