19-январда Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал алынды. Соңку башаламандыкта каза тапкандардын саны кеминде 227 кишиге жетти. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Талды-Коргондо окко учкандардын таржымалын териштирип келди.
7-январда кечки саат сегизге чукул Талды-Коргондо үч киши түшүп бараткан автоунаага ок атылган. Машинеде айдоочу Кайрат Нургалиев, анын жубайы Лаура Нургалиева жана бул үй-бүлөнүн жакын досу Андрей болгон.
Эч эскертүүсүз ок атыла баштаганда автоунаа жол четиндеги арыкка барып урунган. Кайрат менен Андрей окуя болгон жерде мүрт кеткен. Жараат алган Лаура арыктын ичи аркылуу жөрмөлөп барып, качып кутулган. Ал ошол күнү май куючу жайга барып келүү үчүн жолго чыгышканын айтып берди.
"Ошондо жолдошума бир гана ок тийген. Ал кулагынын түбүнө тийип, башынын экинчи жагынан чыгып кеткен. Сол жагынан кирип, оң жагынан чыгат. Жалгыз ок менин жолдошума тийген экен. Калган октор досу Андрейге тийген. Мага эки ок тийген", - деди Лаура Нургалиева.
"Сырттан келген адамдар болсо бизди аягына чейин атмак. Алар сырттан келген эмес. Өзүбүздүн СИЗОдон атылган ок. Эч кандай эскертүү болгон жок".
Алматы облусунун полициясы Кайрат Нургалиев айдап бараткан автоунааны 18-404-аскердик бөлүгүнүн кызматкерлери атканын, алардын аракетинде кылмыштын жана укук бузуунун белгилери бар экенин билдирүүдө.
"Үйгө тирек боло турган бир адам калбады го. Эки бирдей аялды таштап кетти", - деп ыйламсырады маркум Кайрат Нургалиевдин апасы Татьяна Бейсенова.
"Өлүкканадан сөөк үчүн акча төлөдүк"
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асылхан Мамашулы Казакстанда кырдаал курчуп турган учурда Талды-Коргон шаарында каза тапкан бүтүндөй бир үй-бүлөнүн жакындары менен да сүйлөшүп келди.
Алар айтып беришкендей, жубайлар Нурболот менен Алтынай жана алардын жалгыз 15 жаштагы кызы 8-январдын кечинде окко учкан. Окуя алар конокко барып, кечки саат сегиздеги коменданттык саатка чейин үйүнө шашып келе жатканда болгон.
"Ушунчалык атышкан экен. Балким ок аткандан рахат алышканбы... Нурболоттун денесинен эч нерсе калбаптыр дешти. Бизге "карабагыла, ачпагыла" дешти. Ар бир адам үчүн моргго 30 миңден [теңге] төлөтүштү. Өлүкканадан алыш үчүн 90 миң төлөдүк. 10 миңге "целлофан сатып алыңыздар, алигиче кан агып жатат" дешти. Бетин да көргөн жокпуз. Ороп салышты", - деп айтып берди маркум Алтынайдын эжеси Салтанат Этаева.
Кайтыш болгондордун туугандарына Талды-Коргондогу аскердик тергөө башкармалыгы жооп берип, ок аткан аскерлердин иш-аракетинде кылмыштын белгилери бар экенин, бирок ок тийген автоунаа коменданттык саат маалында жоокерлердин "токто" деген буйругуна баш ийбегенин билдирген. Бирок "Азаттыктын" казак кызматы ырастагандай, Талды-Коргондо коменданттык саат 9-январда гана башталган.
Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.
Расмий маалыматка ылайык, бул окуяларда жараат алган дагы эки адам ооруканада көз жумду жана каза тапкан адамдардын жалпы саны кеминде 227 кишиге жетти. Алардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар. Өлкө боюнча 4 миңден ашуун киши жараат алды.
Назарбаевге каршы петициялар
19-январга караган түнү Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Алматы, Атырау, Жамбыл, Кызылордо жана Маңгыстау облусунда өзгөчө абал режими алынды. Муну менен өлкөдө мындай тартип иштеп жаткан бир дагы аймак калган жок. Ошентсе да бийлик айрым райондордо террордук коркунучтун "кызыл" деңгээли уланып жатканын билдирди.
Казакстанга киргизилген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун акыркы аскерлери өлкө аймагынан толук чыгып кеткени шаршембиде белгилүү болду.
Ал арада өлкөдө мурдагы президент Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу демилгеси менен кол топтоло баштады. Ошондой эле баш калаа Нур-Султанды кайра Астана деп атоо тууралуу дагы бир петицияга 19-январга карата 218 миңден ашуун адам кол койду.
"Петициянын негизги максаты - жеке адамдын керт башына сыйынууга жол бербөө. Өлкөдө оң өзгөрүүгө үмүт бар экенин түшүндүм. Петицияны эл колдоп кетти. Бул коом өзгөрүүлөргө суусап отурганын көрсөтөт", - деди петициянын автору Данияр Бүркүтпаев.
Астана шаары 2019-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев бийлигин Токаевге өткөрүп бергенден кийин Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.
Казакстандагы соңку окуялардан бери президент Касым-Жомарт Токаев баш калааны Нур-Султан деп атабай, анын ордуна "борбор калаа" деген сөздү гана колдонуп келет. Токаев өз кайрылууларынын биринде Назарбаевди биринчи жолу сынга алгандай болуп, "элбашынын аркасы" менен ашкере байлардын катмары түзүлгөнүн айткан.
Соңку бир жума ичинде Назарбаевдин таасирдүү күйөө балдары жогорку кызматтардан кол жууду. Шаршембиде "элбашынын" кичүү кызы Алия Назарбаевага байланышы бар делген "Оператор РОП" компаниясы утилизация төлөмдөрүн чогултуу укугунан ажыратылды.
18-январда Назарбаев Казакстандагы башаламандыктан бери биринчи жолу кайрылуу жасап, элитанын ичинде эч кандай тирешүү жана карама-каршылык жок экенин билдирген болчу.