АКШ мамкатчысы менен Орусия министринин Женевадагы сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 21-январь, 2022-жыл. Женева, Швейцария.

21-январда Женева шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү аяктады. Эки делегациянын жолугушуусу бир жарым саатка созулуп, андан кийин башкы дипломаттар өз алдынча маалымат жыйынын өткөрдү.

Лавров сүйлөшүүдө Украинадагы кырдаал, анын ичинде Орусия кол салышы ыктымал деген кооптонуу тууралуу сөз болгонун ырастап, Вашингтон Москванын талаптары боюнча кат жүзүндө жообун бермей болгонун айтты.

Блинкен “Алдыдагы күндөрү өзүбүздүн өнөктөштөр менен кеңешкенден кийин Орусияга карата жалпы көз карашыбызды жана тынчсыздануубузду билдиребиз”, -деди. Блинкен жолугушуу алдында "эгер Москва Украинага чабуул жасаса, анын кесепети оор болорун" дагы бир жолу кайталаган.

АКШ мамкатчысы 19-январда Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен кездешкен. 20-январда Берлинде АКШ, Британия, Франция жана Германиянын башкы дипломаттары Украина боюнча бир пикирде экенин жарыялашкан.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, буга каршылык билдирген. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. (ErN)

Дагы караңыз

Италиядагы кыргызстандык мигранттардын жашоосу тууралуу тасма тартылдыТокаев нааразылыктарга бай-кедей ажырымы алып келгенин айттыСыдыковдун сабалышы: Кыргызстан Казакстандан кенемте талап кылатБлинкен менен Лавров украин кризиси боюнча сүйлөшүүсүн баштады