Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасында иштеген эркек акушер-гинеколог коркутууга кабылды. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абдулбакы Ырысбеков “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматка ылайык Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген дарыгер-ординатор, акушер-гинеколог Жамгырбек Шүкүрбек уулун жергиликтүү жети-сегиз жаран коркутууга алган. Алар акушер-гинеколог аял гана дарыгер болуш керек деп, догдур ишин улантса башка кадамдарга барышаарын эскерткен.
"Алар сен эркек кишисиң, аял кишини тике карабашың керек, колун кармабашың керек, акушер-гинеколог катары дарылабашың керек дептир. Сен зына кылып жатасың, кетсең-кеттиң, кетпесең чара көрөбүз дептир. Мындай учурда шарият боюнча ташбараң кылыш керек деген сөздөрдү дагы айткан", - деди башкы дарыгер Абдулбакы Ырысбеков.
Башкы дарыгердин айтуусунда окуядан кийин Жамгырбек Шүкүрбек уулу ишин котормой болгон. Эгер дарыгер кетип калса, төрөт үйүндө акушер-гинекологдун таңкыстыгы пайда болот.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы дарыгер арыз менен кайрылганын, териштирүү иши башталганын билдирди.
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы беш эркек акушер-гинеколог иштейт. Ал дарыгерлер акушер-гинеколог гана эмес, операциялык бөлүмдөрдө дагы кызмат кылат.
Буга чейин Сузак районунда да эркек гинекологдун иштөөсүнө каршы болгон учур катталып, түшүндүрүү ишинин алкагында маселе жолго коюлган. (TB/МТа)
Дагы караңыз
Министрлик: АЭС куруу тууралуу чечим оңой-олтоң кабыл алынбайт Айзаданын өлүмү: Бишкек соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды Пентагон талибдерге тик учактарды кайтарбайтЖайыл райондук милициясынын башчысынын орун басарынын автоунаасы өрттөлдү