Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Жайыл райондук милициясынын башчысынын орун басарынын автоунаасы өрттөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-январга караган түнү Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кайрат Иманалиевдин автоунаасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык 21-январга караган түнү көп кабаттуу үйдүн жанында "Honda Accord" автоунаасы өрттөнүп жатканы белгилүү болгон. Өрт чыккан жерге Жайыл райондук милициясынын кызматкерлери барган. Алдын-ала байкоо жүргүзүүдө бензин жана солярканын жыты сезилген.

Аталган иш боюнча тийиштүү соттук-техникалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Буга чейин дагы Жайыл районунда аталган фактыга окшош окуялар болуп келет. 2021-жылы 20-апрелде Кара-Балтада шаардык кеңештеги партиянын лидеринин автоунаасын үйүндө токтоп турган жеринен аткылап кетишкен. (МТа)

XS
SM
MD
LG