Бишкектеги кайра шайлоо: БШК жалпы 11 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке Бишкектеги эки округ боюнча кайра шайлоого баш-аягы 11 талапкерди каттады.

№27 Биринчи май округу боюнча Элвира Сурабалдиева, Таалайбек Кермалиев, Нурбек Токтакунов жана №29 Свердлов округу боюнча Бакытбек Болотбеков, Нурланбек Маматкулов, Гуля Алмамбетова, Абдурахманхаджи Муртазалиев, Азамат Аспек уулу, Бакыт Саадабаев, Бакыт Бакиров жана Улукбек Тургунбаев катталды. Алар Боршайкомго бардык тиешелүү документтерди берген.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. Боршайкомго кайра шайлоого катышуу үчүн 20-январга карата 42 киши билдирме берди.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Орозайым Нарматованын депутаттык мандаты жокко чыгарылдыАКШ, Британия, Франция жана Германия Орусияга карата бир пикирде экенин жарыяладыШайлоо: БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тарттыСамат Исабеков кайра Бажы кызматынын төрагасы болдуПакистанда базардагы жарылуудан эки адам каза болдуСаясатчы Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты