Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Пакистанда базардагы жарылуудан эки адам каза болду


Пакистандын Лахор шаарындагы базардагы 20-январдагы жарылуу.
Пакистандын Лахор шаарындагы базардагы 20-январдагы жарылуу.

Пакистандын бийлиги өлкөдөгү экинчи чоң шаар Лахордогу базарда 20-январдагы жарылуудан эки адам мерт болуп, кеминде 20 киши жаракат алганын кабарлады.

Каза болгондордун экөө тең жайкын тургундар, бири тогуз жаштагы бала.

Полициянын өкүлү Абид Хан кабарлагандай, жарылуучу зат мотоциклге байланып, таймер менен иштетилген.

Жардыруу үчүн Белужистан провинциясында мурдараак түзүлгөн жикчил топ жоопкерчилик алды.

Пакистандын борбору Исламабадда 17-январдын түнүндө болгон атышуудан полиция кызматкери окко учкан. Кол салган эки киши жок кылынган. Анда да куралдуу эки киши мотоцикл менен полициянын блокпостуна ок чыгарган.

Белужистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет. Мында жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG