Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аны 20-январда Бажы кызматынын жамаатына Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Самат Исабеков былтыр 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 26-октябрда кайра кызматтан алынган. Аны менен кошо эки орун басары да “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан кеткен.
Исабеков 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштеп келет.
2021-жылы 26-октябрда Бажы кызматынын жетекчиси болгон Адилет Кубанычбековду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 17-январда коррупцияга айыптап кармады. 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 17-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алды. Ал кызматтан качан алынганы тууралуу расмий маалымат берилген жок. (BTo)
Дагы караңыз
Шайлоо: БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тарттыБаткенде пенсияны көбөйтүп, айлыкты көтөрүү сунушу берилдиПакистанда базардагы жарылуудан эки адам каза болдуДССУ вакцина албагандарга саякаттоого уруксат берүүнү сунуштады