АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Швейцариянын Женева шаарында жолугат. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясынын атын атабаган өкүлү бир катар маалымат агенттиктерине билдирди.
Блинкен 19-январда Украинага барды. Киевде анын украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусу белгиленген. 20-январда Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен Берлинде төрт тараптуу жолугушууга катышат. Анда украин-орус маселелеринде Батыштын бирдиктүү позициясын бекитүү каралышы керек.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Блинкен менен Лавров 21-январда Женевада жолугушуусу боюнча маселе “иштелип жатканын” “Интерфакс” агенттигине кабарлаган.
АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан.
АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.
Бул маселеге байланыштуу өткөн аптада Орусия менен Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Женевада, Брюсселде жана Венада жолугушуу өткөргөн. Ага карабай Орусия Батыштан Украинанын НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылган позициясынан кайткан эмес. Батыш тарап “Украина эгемен өлкө экенин, ал каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин” билдирип келет. (ErN)
Дагы караңыз
Депутат Жумабеков беткап тагынууну жайылтууну сунуштадыЖогорку Кеңеш министр кызматына Имановдун талапкерлигин жактырды Элмирбексиз эки жыл