Казакстандык активист жана акын Кенжебек Абишев 17-январда, 56 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.
Маалыматты анын аялы Гүлмира Абишева "Азаттыктын" казак кызматына ырастап, күйөөсү жүрөгү кармап каза болгонун айтты. Ал "жолдошунун абактан чыкканына чексиз сүйүнүшкөнүн, бирок минтип бактылуу ирмемдер кыска гана убакытка созулганын" кошумчалады.
Активист өзү жана анын жакындары анын саламаттагы түрмөдө жүргөн маалда кескин начарлап кеткенин айтышкан.
Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Аны менен кошо дагы эки адам Казакстанда "куралдуу жихадга чакырды" деген айып менен 2018-жылы жети жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылдын сентябрь айында Алматы соту анын мөөнөтүнөн мурда чыгуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырып, октябрда абактан бошотулган. Калган жазасын үй камагында өтөп жаткан.
Айыпталуучу өзүнүн саясий көз караштары үчүн куугунтукка кабылганын айтып, күнөөсүн төгүндөгөн. Казакстандагы укук коргоочулар Абишевди саясий туткун деп аташкан. (ErN)
Дагы караңыз
Ирак Беларустун чек арасынан 4 миңдей жаранын чыгарып кеттиНазарбаевдин иниси кызматтан алынды, Зилалиев камактан чыктыСадыр Жапаров маек, Адахан Мадумаров сурак бердиЖалал-Абад облусунда автожолго кар көчкү түшүп, тазаланды