Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкты

Дүйшөнбек Зилалиев. Архив.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы 23-июнда Жогорку сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген.

Жогорку сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.

2020-жылдын 5-октябрында Биринчи май райондук соту Зилалиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен. Буга Башкы прокуратуранын Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет. (МТа)

Дагы караңыз

Салык кызматы тамеки жана алкоголдун акциз салыгын санарипке өткөрөтБиримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгыштыКоронавирустан дагы үч адам каза болдуМүнүшкөрдү байыткан бир олоңдун баяны