Кытайда "омикронго" каршы кошумча чаралар көрүлүүдө

Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда дагы бир шаар коронавируска байланыштуу жаңы чараларды көрө баштады. Өлкөнүн түштүгүндөгү Чжухай шаарында коронавирустун “омикрон” штаммы жети адамда аныкталганы белгилүү болгондон кийин коомдук автобус кызматы ишин убактылуу токтотту.

Шаар тургундарын жапырт текшерүү коңшу калаада “омикрон” катталгандыктан 14-январда башталган.

Калкы дээрлик 2,5 миллион адам болгон Чжухай кумарканалардын борбору катары белгилүү Макао менен чектешет.

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын саны 324 миллиондон, каза болгондор 5 миллиондон ашты. Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу «омикрон» штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду. (RK)

Дагы караңыз

Алматы окуясынан кийин кармалган кыргыз жараны дайынсыз болууда Казакстанда кармалган төрт кыргыз жараны бошотулуудаЫрчы Александр Волкодавга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылдыКазакстандын байлыгын чеңгелдеген 162 киши