АКШнын Жогорку соту президент Жо Байдендин орто жана ири компаниялардын кызматкерлерин милдеттүү вакцинациялоо тууралуу мурдараак чыгарган жарлыгын жокко чыгарды.
Соттун 13-январда кабыл алган чечиминде эми мындай талап федералдык бюджеттен каржыланган медициналык мекемелерге гана тийиштүү болуп саналат. Мындай мекемелерде 10 миллиондой кызматкер бар.
Техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы боюнча федералдык башкармалык мурда 100дөн ашык кызматкери бар компаниялардын баардыгынын кызматкерлерин милдеттүү түрдө вакцинациялоо тууралуу 2021-жылдын ноябрь айында чечим чыгарган.
Вакцина албагандар апта сайын COVID-19га каршы тесттен өтүп турушу керек эле. Бул Америкадагы ири компаниялардын 80 миллиондой кызматкерине тиешелүү болмок.
Кийин ушул эле чечим президенттин жарлыгы менен бекитилген. Көз карандысыз бизнестин улуттук федерациясы бул адам укуктарын бузуу экенин жарыялап, жарлыкты жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. (ErN)
Дагы караңыз
Министрлик "учак менен коронавирусту чачып жатат" деген кабарларды төгүндөдүCOVID-19: Ош шаарында дагы карантин чаралары күчөтүлөт Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка кирди Түркмөнстанда кымбатчылыкка нааразы болгондор митингге чыгышты