Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

COVID-19: Ош шаарында дагы карантин чаралары күчөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык мэриясында 14-январда коронавируска байланыштуу соңку абал талкууланды. Анда вирустун "омикрон" түрүнүн жайылышынын алдын алуу үчүн карантин чараларын күчөтүү тууралуу чечим кабыл алынды жана бир катар тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, эл көп топтолгон жайларда, базарларда, мечиттердеги жума намаз маалында санитардык-эпидемиялогиялык талап-эрежелерди сактоо, эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Дары-дармектердин запасы такталат.

Соңку күндөрү Ошто вирус жуккан учурлар көбөйө баштады.

Акыркы күндөрү коронавирус жуккандардын саны жагынан Бишкек биринчи орунга чыгып, 12-январда "кызыл зонага" кирди. Саламаттык сактоо министрлиги шаарда эмдөө жай жүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндүн ичинде коронавирус 586 адамга жугуп, бир бейтап каза болду. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206га жетип, 28 267 адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG